ТҮРК МАДАНИЯТЫНДА КОШОКТОР ЖАНА КОШОКТОРДУН КООМДОГУ ФУНКЦИЯЛАРЫ -Кыргызстан мисалында-

Journal Title: ULUSLARARASI TÜRK LEHÇE ARAŞTIRMALARI DERGİSİ - Year 2018, Vol 2, Issue 1

Abstract

Ар бир коомдо өлүм сыяктуу маанилүү коомдук окуялардын арасында ар кандай ырым-жырымдар бар. Түрк элдеринин мындай ырым-жырымдарынын сап башында “кошок, кошук” турат. Кошоктор өлүмгө карата сый жана урмат катары, каада-салт жана үрп-адаттарга ылайык муңдуу үн менен коштолот. VI-VII кылымдардан калган, мүрзөлөрдүн башына коюлган эстеликтердин, балбал таштардын бетиндеги жазууларды Орхон-Энесай жазуулары деп билебиз. Бул эстеликтердеги жазуулар маданиятыбыздагы кошок кошуу салтынын алгачкы конкреттүү мисалы болуп эсептелет. Азыркы күндө да эстеликтерге курман болгон адам тууралуу жазылган маалыматтар, ага арналган ырлар аталган салттык көрүнүш катары кабыл алынат. Бирок бул каада-салтты түрк маданияты жагынан алып караганда социалдык мааниси чоң. Себеби бул каада-салттар түрк коомчулугунун ынтымагын бекемдеген ырым-жырымдар болуп эсептелишет. Аталган эмгегибизде түрк дүйнөсүндөгү “кошок, кошук” сөзүнө көз чаптырып, андан кийин кошокторго болгон көз-караш фольклордук жактан бааланып, кошокторду түзгөн мотивдерге токтолуп өттүк. Ошондой эле, кошоктордун түрк элдериндеги коомдук функциясы жөнүндө да сөз салдык. Андан кийин кыргыз түрктөрүнүн жаназалары, жаназалардагы аял жана эркектин орду менен каерде, кандай максатта, кандай түрдө жана ким тарабынан кошок кошулганын салыштырмалуу мисалдар менен ачып көрсөттүк.

Authors and Affiliations

Venera ANARBEKOVA ERKİNBEKOVNA

Keywords

Related Articles

ALISHER NAVOIYNING “TARIXI MULUKI AJAM” ASARIDA ZOLIM SHOHLAR TASVIRI

«Tarixi Muluki Ajam» Navoiyning tarixiy asari bo’lish bilan birga unda unda buyuk mutafakkirning adolatli shoh va davlat, zolim shohlar to’g’risidagi qarashlari ham bayon etilgan. Maqolada Alısher Navoiyning «Tarixi Mulu...

OʻZBEK TILINING GERMANIYADA OʻRGANILISHI TARIXIDAN (XX asrgacha boʻlgan davr)

Germaniyadagi turkologiya va turkiy tilshunoslik uzoq davr mobaynida dunyo turkologiya fanining karvonboshilaridan biri boʻlib keldi. Bu mamlakatda 15-asrdan e’tiboran Turkologiyaga va turkiy tillarga doir izlanishlar ol...

ORTAK DİL OLARAK TİNLEMLER (EMOJİLER)

Çalışmada tinlemlerin nerede ve nasıl ortaya çıktığına, nasıl geliştiğine, hangi alanlarda yer aldığına, Japonya`daki yerine, sınıflandırılmasına, dünya genelindeki kullanımına ve Türkiye`deki kullanım istatistiklerine y...

ТҮРК МАДАНИЯТЫНДА КОШОКТОР ЖАНА КОШОКТОРДУН КООМДОГУ ФУНКЦИЯЛАРЫ -Кыргызстан мисалында-

Ар бир коомдо өлүм сыяктуу маанилүү коомдук окуялардын арасында ар кандай ырым-жырымдар бар. Түрк элдеринин мындай ырым-жырымдарынын сап башында “кошок, кошук” турат. Кошоктор өлүмгө карата сый жана урмат катары, каада-с...

KIRGIZ TÜRKÇESİNDE SES UYUMLARININ SEBEP OLDUĞU SES DEĞİŞMELERİ

Dillerde ünlü ve ünsüzlerde meydana gelen değişmelerin çeşitli sebepleri vardır. Bu değişimlerin bir bölümü, münasebette bulunulan diller, kültürler, iklim ve coğrafya gibi dilin “dış tarihi” ile ilgilidir. Diğer önemli...

Download PDF file
  • EP ID EP297029
  • DOI 10.30563/turklad.378964
  • Views 134
  • Downloads 0

How To Cite

Venera ANARBEKOVA ERKİNBEKOVNA (2018). ТҮРК МАДАНИЯТЫНДА КОШОКТОР ЖАНА КОШОКТОРДУН КООМДОГУ ФУНКЦИЯЛАРЫ -Кыргызстан мисалында-. ULUSLARARASI TÜRK LEHÇE ARAŞTIRMALARI DERGİSİ, 2(1), 187-195. https://europub.co.uk./articles/-A-297029